Орус парламентинин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Дума чет элдиктерге орусиялык суррогат энелердин кызматын колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алганын Reuters билдирди. Жаңы мыйзамга ылайык, Орусияда суррогат энеден төрөлгөн бала автоматтык түрдө Орусиянын жарандыгын алат.
Жубайлардын бири Орусиянын жараны болгон жубайлар келечекте суррогат энелердин кызматынан пайдалана алышат. Акы төлөнүүчү суррогат энелик Россияда мыйзамдуу, бирок бул көрүнүш диний уюмдар тарабынан сынга алынып, алар бала төрөөнү коммерциялаштырууга барабар экенин айтышууда.
Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жаңы мыйзам орусиялык балдарды коргоого багытталганын билдирди.