Санкт-Петербургда дронго каршы полициянын атайын бөлүмү пайда болду. Ал массалык иш-чаралар учурунда асмандагы коопсуздук үчүн жооп берет, деп билдирет Би-Би-Си орус кызматы.
«Кызматкерлер ар кандай тапшырмаларды аткарышат. Бул мобилдик кайгуул күзөттөрү, алардын милдети учкучсуз учуучу аппараттардын операторлорун кармоо. Снайперлер жана карабиндер менен куралданган аткычтардын топтору түзүлдү. Алар дрондорду басуу жана зыянсыздандыруу үчүн техникалык каражаттарды колдонушат. Биринчи кезекте жаңы бөлүккө жаңы аймактарга (Украинанын оккупацияланган аймактарын Орусияда ушинтип аташат – белгилейт ред.) жайгаштырылган полиция кызматкерлери кабыл алынды», — деп РБК Ички иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме келтирди.
Дронго каршы электромагниттик мылтыктары бар снайперлер биринчи жолу 9-майда пайда болуп, алар имараттардын чатырларында жана Жеңиш парады учурунда аба мейкиндигин кайтарышты.
Шаршемби күнү Уралда Ички иштер министрлигинин Регионалдык башкы башкармалыгы ири шаарларда тыюу салынган аймактарда учкучсуз учактардын учууларын көзөмөлдөй турган атайын бөлүмдөрдү түзөрүн билдирди.
Өткөн жумада, 3-майда, шаршемби күнү Кремль Сенат сарайынын куполунун үстүнөн дрон түшүрүлгөнүн кабарлады, тиешелүү видео социалдык тармактарда пайда болду. Владимир Путиндин басма сөз кызматы бул чабуулду “президентке кол салуу аракети” деп атады.
Өткөн жылдын аягынан бери Орусиянын кеминде 40 чөлкөмүндө учкучсуз учактардын учуусуна чектөө коюлган же тыюу салынган.
Иллюстративдик сүрөт Дмитрий Трепольский: