Бүгүн эртең менен Белграддын башталгыч мектебинде жашы жете элек классташы тарабынан балдардын массалык түрдө өлтүрүлүшүнө байланыштуу Серб патриархы Порфирий төмөнкүдөй билдирүү жасады:
Элибизде, мекенибизде болуп кербеген, бугун Белграддын башталгыч мектебинде болгон кырсык женундегу кабарды мен чыдагыс кайгы менен угуп жатам. Жабыркаган балдар жана мектепте иштегендер үчүн Куткаруучу Машайакка сыйынам. Алардын ата-энелери, бир туугандары, эже-карындаштары, жакындары үчүн Куткаруучудан тилеп, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Тирилген Теңирдин сыйынуусу жана сүйүүсү жана биздин бардык адамдык камкордугубуз жана көңүл бурушубуз бүгүн сиздерде, биздин кымбаттуу балдарыбыз жана мугалимдерибиз, бүгүн Белграддын ооруканаларында.
Мен бардыгын тирилген Теңирден тынчтык жана өз ара сүйүү үчүн сыйынууну суранам. Жана мен ар кимден зордук-зомбулуктун ар кандай түрүн, өзгөчө коомдо зордук-зомбулукту пропагандалоону токтотуу жана айыптоо үчүн колунан келгендин баарын жасоону суранам.
Жума күндөн бери Сербияда үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.
Булак: Серб патриархы Порфиринин Фейсбуктагы расмий баракчасы
Иллюстрация: Корсец Клостерден айкаш жыгачка кадалган сүрөтчө – Швециянын Албергадагы Никопинг шаарында жайгашкан биринчи сириялык православдык монастырь.
Иконанын датасы: 13-кылым. Икона жасалган жер: Мардин