Ватикандын эң чоң байыркы айкели реставрациядан өтүп жатканын AP агенттиги билдирди. Бийиктиги 4 метр болгон алтын жалатылган Геркулес Байыркы Римдеги Помпей театрында турган деп болжолдонууда.
Ватикан музейинин тегерек залында реставраторлор алтын жалатылган Геркулестин кылымдардан берки кирлерин тазалап жатышат.
150 жылдан ашык убакыттан бери бийиктиги 4 метр болгон айкел уяга орнотулуп келет. Убакыттын өтүшү менен кара түскө ээ болгондуктан башка антиквариат экспонаттардын арасында көңүл бура албайт.
19-кылымдагы реставрациядан мом жана башка материалдардын катмарын алып салгандан кийин Ватикандык эксперттер анын чыныгы баасын түшүнүшкөн.
Алтын жалатуу абдан жакшы сакталган, дейт реставратор Элис Балтера. Айкел колодон куюлган. Ал 1864-жылы Римдеги "Кампо деи Фиори" жанындагы вилладан табылган. Папа Пиус IX чыгарманы папалык коллекцияга кошкон.
1-3-кылымдарга таандык. Кийинчерээк келип чыгышын айырмалоо үчүн, ал "үй-бүлөлүк" аталыштарды алып жүрөт: Рим папасы – Мастай жана ал вилласынан табылган банкирдики – Ригетти.
Айкел FCS деген жазуусу бар мрамор такта менен коштолгон - латынча "fulgur conditum summanium" ("Бул жерде Суманустун чагылганы көмүлгөн") сөз айкашынын аббревиатурасы.
Бул ага чагылган тийген дегенди билдирет, - деди Ватикан музейинин грек жана рим байыркы эстеликтери бөлүмүнүн куратору Клаудия Валери.
Суманус — байыркы Римдин күн күркүрөгөн кудайы. Римдиктер чагылган тийген ар кандай объект кудайдын күчү менен сугарылган деп ишенишкен.