Египеттик юристтер жана археологдор тобу "Netflix" стримингдик компаниясынан "Клеопатра" онлайн-басылмасында Клеопатра ханышасы менен Байыркы Египеттин образын бурмалаганы үчүн эки миллиард доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу "Egypt Independent" билдирди. Мындай өтүнүч Бириккен Улуттар Уюмунун билим, илим жана маданият боюнча уюмуна (ЮНЕСКОго) жолдонгон катта айтылды.
Эксперттер Египеттин өзүнүн материалдык жана материалдык эмес мурастарын, мейли байыркы, мейли заманбап, коргоо жана сактоо үчүн мыйзамдуу аракеттерге барууга укугу бар экенин белгилешет.
Бир нече күн мурда Түндүк Африка өлкөсүнүн Маданият министрлиги Египеттин прокуратурасына америкалык компаниянын үстүнөн арыз менен кайрылып, фильм платформадан алынып салынат жана эч кандай түрдө көрсөтүлбөйт.
Бул расмий мекеменин серияга байланыштуу биринчи мыйзамдуу аракети. Буга чейин юрист Махмуд Аль-Семар өлкөдө Netflixке бөгөт коюу чараларын көрүп жатканын билдирген.
Даректүү сериал Египетте кара терилүү актриса Адель Жеймстин Клеопатра Севендин ролуна кастингге каршы нааразылык жана сын толкунун жараткан. Анын премьерасынан кийин Египеттин Туризм жана маданий эстеликтер министрлиги Птолемей династиясынын акыркы монархы болгон легендарлуу ханышанын ак терилүү экени тууралуу расмий билдирүү таратты.