Лиранын кулашынан улам Европада эң жогорку инфляциянын Түркияда 70 пайыз менен байкалганы белгиленди.
Евробиримдиктеги керектөө бааларынын эң чоң өсүшү Балтика өлкөлөрүндө жана Чыгыш Европада Россиядан энергетикалык көз карандылыктан улам байкалууда, деп жазат Financial Times гезити.
Ошентип, Эстония эң көп жабыркап жатат, анда керектөө бааларынын бир жыл ичинде дээрлик 19 пайызга кымбаттаганы байкалган. Литвада бул көрсөткүч 16.8 пайызга, Болгарияда 14.4 пайызга, Чехияда 14.2 пайызга, Румынияда 13.8 пайызга, Латвияда 13 пайызга, Польшада 12.4 пайызга жеткен.
Евробиримдиктин мүчө-мамлекеттеринин экономикалары Украинадагы кризистин фонунда рецессия менен рекорддук инфляциянын айкалышуусуна туш болушу мүмкүн, деп мурда Германиянын Deutsche Wirtschafts Nachrichten басылмасы жазган. Басылма белгилегендей, Евробиримдикте буга чейин эле керектөө бааларынын байкаларлык өсүшү байкалып, бул былтыркы көрсөткүчтөн 7.5% ашкан.
Бир күн мурун Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто россиялык нефтисиз республиканын экономикасы талкаланарын билдирген.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин газды дос эмес мамлекеттерге (анын ичинде Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүн кошкондо) рублге гана берүүнү караган жарлыкка кол койгон. Өз кезегинде G7ге мүчө өлкөлөр жана Евробиримдик жергиликтүү компанияларды тиешелүү жеткирүүлөр үчүн рублдик эсеп-фактураларды кабыл албоого чакырды.