Би-Би-Си кабарлагандай, Зимбабве өлкөнүн толо түрмөлөрүндө орун бошотууга багытталган президенттин мунапыс жөнүндөгү буйругуна ылайык бардык камактагылардын бештен бир бөлүгүн бошотту.
Зимбабве абактары жана түзөтүү кызматы 4,000ден ашуун туткундардын, негизинен эркектердин эркиндикке чыгышын жакшы иш катары жарыялады. Каракчылык, мамлекетке чыккынчылык жана коомдук тартипти бузгандык үчүн соттолгондор ырайым кылынган жок.
Зимбабвенин түрмөлөрү толуп кетти.
Бул кадам августтагы шайлоонун алдында жасалды. Президент Эммерсон Мнангагва жашоонун кымбатташы, жогорку инфляция жана электр энергиясынын өчүрүлүшү сыяктуу бир катар кризистер менен күрөшүп жатат.