19 жаштагы Луункиито малга кол салып, аны малчылар найза менен сайышкан
Би-Би-Си билдиргендей, анын түрүнүн дүйнөдөгү эң байыркы өкүлдөрүнүн бири деп эсептелген жапайы эркек арстанды Кениянын түштүгүндөгү Амбосели улуттук паркына жакын жерде малчылар өлтүрүштү.
19 жаштагы Луункиито малга тамак үчүн кол салгандан кийин найза менен сайылган. Lion Guardians жаратылышты коргоо тобу өлтүрүлгөн арстан Кениянын экосистемасындагы, балким, бүткүл Африкадагы эң улуу арстан болгон, анткени арстандар жапайы жаратылышта 13 жылдай жашашат.
Кениянын Жапайы жаратылыш кызматынын басма сөз катчысы Пол Жинаро Би-Би-Сиге Луункиито карыган жана алсыз экенин, балким, улуттук парктан айылга жем издеп кеткенин айтты.
Табиятты коргоочулар Кениянын жапайы жаныбарларын жана арстандардын популяциясын коргоо үчүн катуу чараларды көрүүгө чакырышты.
"Бул адам менен жапайы жаратылыштын чыр-чатагынын учук чекити жана биз жок болуп бара жаткан арстандарды сактап калуу үчүн өлкө катары көбүрөөк аракет кылышыбыз керек" деди WildlifeDirectтин башкы директору Паула Кахумбу.
Сүрөт: LION GUARDIANS/FACEBOOK