Мектепти таштоо күнүнө беш ичимдик ичкендей зыян
Норвегиянын илим жана технология институтунун окумуштуулары жаш курагына, жынысына, жайгашкан жерине, социалдык жана демографиялык абалына карабастан, билим алуунун өмүрдү узартуучу пайдасын аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы The Lancet Public Health журналына жарыяланды.
Буга чейин билим деңгээли жогору болгондор башкаларга караганда узак жашашары далилденген, бирок ушул убакка чейин канчалык деңгээлде белгилүү болгон эмес. Окумуштуулар эрте өлүм коркунучу, себебине карабастан, билим берүүнүн ар бир кошумча жылы менен эки пайызга азайгандыгын аныкташкан. Алты жылдык башталгыч мектепти аяктагандардын тобокелдиги орточо эсеп менен 13 пайызга азыраак болгон. Орто мектепти аяктагандан кийин тобокелдик дээрлик 25 пайызга, ал эми 18 жылдык билим алуу 34 пайызга азайган.
Зыяндуу адаттардын таасири менен салыштырганда, окууну таштоо дээрлик күнүнө беш же андан көп спирт ичимдиктерин ичүү же 10 жыл бою күнүнө он тамеки чегүү сыяктуу зыяндуу.
Билим алуунун артыкчылыктары жаштар үчүн эң чоң болгону менен, 50, ал тургай 70 жаштан ашкан адамдар дагы эле билимдин коргоочу таасиринен пайда көрүшөт. Бирок, экономикалык өнүгүүнүн ар кандай баскычтарындагы өлкөлөрдүн ортосунда билим берүүнүн таасири боюнча олуттуу айырма табылган жок.